КАСЫМБЕКОВ Санжар
КАСЫМБЕКОВ Санжар (1902–1924) –

Кырг-нда Совет бийлигин орнотуу үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн. М. Ф. Касымбековдун уулу. 1917-ж. май айынан рев-ячыл ишке катышкан. Анжиян мусулман жумушчулар м-н чайрыкерлер кеңешинин аткомунда (1918, июнь), РКП(б)нин Ош шааркомунда (1918, август), Тү рк с т ан к райк омунда (1918, декабрь) иштеген. 1919-ж. октябрдан РКП(б)- нин Ош шаардык мусулман уюмунун төрагасынын орун басары, 1920-ж. февралдан Ош уезддик шааркомунун төрагасы болуп иштеген. Анжиянда Совет бийлигин орнотууга, Ташкенттеги контррев-ячыл козголоңду басууга, Закаспий фронтундагы согушка катышкан. 1920-жылдан Түркстан фронтунун бүткүл россиялык дыйкандар ж-а токойчулар союзунун Самарканд обкомунун төрагасы болуп иштеген. Басмачылар өлтүргөн.