КАСЫМААЛЫ
КАСЫМААЛЫ Мамбет уулу, Касымаалы ажы (1862, Нарын өрөөнү, Суук-Капчыгай кыштоосу – 1916, сентябрь – октябрь, азыркы Нарын шаары) – белгилүү манап, Ниязбек бийдин тукуму, Нарын өрөөнүндө алгачкылардан болуп Кара-Булуңда медресе ачып, балдарды окууга тарткан ж-а аны бүткөндөргө Уфадагы «Галия» медресесинен билимин улантууга жардам берген. Эсенкул болуштугун түзүүдө башкы демилгечи болуп, бир нече жолу болуштукка шайланган. Колониялык эзүүнүн күчөй баштаган мезгилинде жергиликтүү элди коргоп, падыша өкмөтүнө каршы үгүт-насыят иштерин жүргүзгөн. Үркүн башталар алдында Чүй ж-а Ысык-Көл өрөөнүнүн жетекчилери м-н байланыш түзүп, Нарын аймагындагы көтөрүлүштү жетектеген. Көтөрүлүш жеңилгенде эл м-н бирге Кытайга качкан. Бирок орус бийлигинин көтөрүлүшкө катышкандарга мунапыс берилет деген жалган убадасына ишенип, кайтып келген. 1916-жылы күзүндө аскер сотунун башчысы Бобровдун чечими, Нарын бөлүмүнүн башчысы Хохалёвдун буйругуна ылайык баласы Оруналы, көтөрүлүшкө катышкан Ч. Барманов, М. ж-а Б. Жетигеновдор м-н бирге дарга асылган.
Ж. Токтоналиев.