КАСЫЙДА
КАСЫЙДА – чыгыш элдеринин поэзиясындагы жанр. Формалык белгилери: көлөмдүүлүгү (20дан 200 бейтке чейин), аа, ба, ва, да... системасы боюнча уйкашкандыгы (монорифма), үч бөлүктүү композициядан тургандыгы. Адегенде касыйда мактоо ыры катары гана белгилүү болсо, 11–12-кылымдардан касыйданын философиялык түрү да пайда болгон. Кыргыз поэзиясына ислам дини ж-а коңшу түрк элдеринин көркөм чыгармалары аркылуу кирген деп болжолдонот.