КАСТРО РУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́СТРО РУС Фидель (13. 8. 1926-жылы туулган, Биран, Орьенте провинциясы) –

Кубанын мамлекеттик, саясий ж-а аскер ишмери. Советтер Союзунун Баатыры (1963). Гаванада католик коллежин (1945), Гавана ун­иверситетинин укук факультетин (1950) бүткөн. 50-жылдардын ба­шында Куба элинин («Орто­докстор») партиясына өт­көн. Өлкөдө генерал Фуль­хенсио Батистанын дик­татурасы орногондон кийин (1952, март) ага каршы ча­кан топ түзүп, 1953-жылы 26- июлда Сантьяго-де-Куба ш­аарындагы аскер казармасына кол салган, бирок ал аёосуз басылып, аскер три­буналынын өкүмү м-н 15 жыл түрмөгө кесил­ген. 1955-жылы коомчулуктун кысымы боюнча муна­пыс алып, Мексикага эмиграцияга кеткен ж-а ал жерде «26-июль кыймылы» аттуу революциялык топ түзгөн. 1956-жылы декабрда Кастро Р.ус, иниси – Ра­уль Кастро, аргентиналык Эрнесто Че Гевара ж-а революционерлер тобу м-н Кубанын Орьен­те провинциясына келип, Батистанын дикта­турасына каршы партизандык күрөшкө жетек­чилик кылган. 1959-жылы 1-январда Кубада революция жеңип, Батистанын бийлиги кулаган соң, Куба Республикасынын революциячыл өкмөтүнүн премьер-министри болгон (1959–77). 1965-жылдан Куба КП БКнын 1-секретары, 1977–2008-жылдарда Мамлекеттик ж-а Министр­лер Советинин төрагасы болуп иштеген. Кастро Рус 1960-жылы Кубадагы АКШ ж. б. чет мамлекет­тердин менчиктерин тартып алып, америкалыктардын 850 млн доллардык ишканаларын мамлекеттеш­тирген. СССР ж. б. социалисттик мамлекеттер м-н соода­-экономикалык байланыштарды түзгөн. «Элдердин орто­сунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1961). 3 Ленин, Ок­тябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.