КАССАНДРА
КАССА́НДРА – байыркы грек мифологиясында Троя падышасы Приамдын кызы. Аполлон Кассандрага олуялык жөндөм берет, бирок өзүнүн сүйүүсүнө жооп ала албаган Аполлон Кассандранын олуялыгына элди ишенбес кылып таштайт. Ошондон улам аялзаттын эң сулуусу Еленаны (Спартанын падышасы Мелайдын жубайы) уурдоодон баш тарт деген Кассандранын эскертүүсүнө бир тууганы Парис да, троялыктар да ишенбей коюшкан. Бул окуя Троя согушуна жана Троя өлкөсүнүн кыйрашына алып келген. Кыргыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматов «Кассандра тамгасы» романын жазууда байыркы грек мифологиясындагы Кассандрага байланыштуу окуяларга кайрылган.