КАСМАМБЕТОВ
КАСМАМБЕТОВ Сапарбек (30. 5. 1934-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) –

белгилүү манасчы, төкмө акын, жазуучу. 1972-жылы Каракол шаарынндагы педогогикалык окуу жайын, 1982-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. 1964-жылы Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн директору, 1968–79-жылы мектепте мугалим, 1979– 97-жылдары Балыкчы шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда методист, директордун орун басары болуп иштеген. 1997-жылдан аталган борбордо балдарга «Манас» сабагын окутуп келет. Манасчынын эскерүүсүнө караганда атасы Касмамбет комузду мыкты черткен, жорго сөздү түрлөнткөн, энеси Сайраке да чоң дастандарды, уламыш, жомокторду айткан жамакчы болгон. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун көпчүлүк манасчылардай эле кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. «Бала кыялы» (1994), «Эр Кошой» (1994), «Бала Манас баяны» (1998), «Балыкчы баяны» (1998), «Билерик» (2003) аттуу китептери жарык көргөн. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда анын айтуусундагы «Семетей» эпосунун «Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып, сакталып турат. 1995-жылы Лондондо Би-Би-Си радиосу уюштурган «Манас» кечесине жана 2006-жылы «Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл аралык илимий конференцияга «Манас» айтып катышкан. 2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча ун-т анын варианты боюнча компакт дисктери менен коштолгон «Манас» жана «Семетей» эпосторунун англис тилиндеги китебин «Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фонду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-жылы залкар манасчы деген наамдарга татып, «Манас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.