КАСКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́СКА (испанча сasco – баш сөөк, туулга) – адамдын башын калкалоочу атайын баш ки­йим. Башты снаряд чачырандысы, ок, таш ж. б. нерселерден сактайт. К-ны аскерлер, өрт өчүргүч­төр, курулушчулар, жер астында иштегендер киет. К. металлдан, лакталган булгаарыдан, пластмассадан ж. б. материалдан жасалат. Ал коло доорунда пайда болуп, азыркыга чейин бардык өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө пай­даланылат.