КАСАИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСА́И (төмөнкү агымында – К в а) – Ангола м-н Конгодогу (Киншаса) дарыя. Конго (Заир) д-нын эң ири сол куймасы. Уз. 2000 кмдей, алабынын аянты 880,2 миң км2. Лунда пла­тосунан башталат да, анын түн. капталы ж-а Конго ойдуңу аркылуу агат. Нугунда босоголор м-н шаркыратмалар көп. Негизги куймалары: Лулуа, Санкуру, Фими-Лукение (оң), Кванго (сол). Суусу сентябрь–октябрдан майга чейин кирет. Орт. чыгымы 10 миң м3/сек (эң азы 5 миң м3/сек, көбү 20 миң м3/секга чейин). Балык кар­малат. Чатынан 750 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири пристаны – Илебо [Конго (Кинша­са)].