КАРЫН (тамак сиңирүүчү орган)
КАРЫН – тамак сиңирүү органдарынын азыкты хим. ж-а мех. жактан иштетүүчү кеңейген жери. К. бардык омурткалууларда ж-а көпчүлүк омурткасыздарда болот. Ал бездүү (тамак сиңирүүчү) ж-а булчуңдуу (майдалоочу) болуп бөлүнөт. Курт-кумурскаларда майдалоочу К. жакшы өөрчүгөн, ал эми бездүү К. айрымдарында гана болот. Ийне терилүүлөрдөн деңиз лилия-

сында, деңиз жылдызында өөрчүгөн. Оймок ооздуулар м-н кээ бир балыктарда өзүнчө мүчө болуп бөлүнгөн эмес. Жерде-сууда жашоочулар м-н сойлоочуларда даана бөлүнгөн. Куштардын К-ы бездүү ж-а булчуңдуу бөлүктөн турат. Булчуңдуу К-дагы майда таштар, кумдар жемди майдалайт. Кепшөөчүлөрдүн К-ы татаал түзүлүштүү, 4 бөлүктөн (карын, таз карын, тогуз кат, жумур) турат. Адамдын К-ы ич көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндө орун алган. Сол жагында көк боор, астында уйку бези жатат. К-дын көлөмү ж-а анат. түзүлүшү адамдын жашына, жынысына жараша болот. Орто жаштагы кишинин К-ынын уз. 25–30 смдей болуп, 2,5–3 лдей суюктук батат. Анын капталы 3 катмардан турат: сырткы катмары жалтырак жука чел кабыктан, ортоңку катмар узун ж-а туурасынан кеткен жылма булчуң талчаларынан, ички катмар былжырлуу суюктук, пепсин ферментин
ж-а туз к-тасын бөлүп чыгаруучу бези бар былжыр челден. Булчуң катмары жыйрылып ж-а бошоңдоп, К-га келген тамакты аралаштырып эзип, өлчөмү м-н аз-аздан он эки эли ичегиге чыгарат. Тамактын хим. жактан өзгөрүүсү карын зилинин таасири м-н жүрөт. Ичкен тамак-аш кишинин К-ында 3–8 саат сакталат. К-дын функциясын нерв ж-а гумор факторлору жөнгө салат. О. эле анын иштеши суу ж-а туз алмашууга, бөйрөк, ички секреция бездеринин кызматына, кан айланууга ж. б. процесстерге байланыштуу.