КАРШИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШИ́ (1926–37-ж. Б е к - Б у д и) – Өзбек­стандын түш.-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Каш­ка-Дарыя вилаетинин адм. борбору. Кашка-Да­рыянын боюнда, Карши талаасында, Кунгур-Тоо дөңсөөсүнүн этегинде жайгашкан. Калкы 254,0 миң (2008; калкынын саны б-ча вилаеттеги 2- шаар). Эл аралык аэропорту бар. Жеңил (а. и. пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш– татымал (а. и. май экстракты) ө. ж., курулуш материалдар ишканалары иштейт. Пед. ин-т, край таануу музейи бар. 14-к-да пайда болгон. Көк-Күмбөз мечити (16-к-дын аягы) сакталган.