КАР ЧЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР ЧЕГИ – жыл бою эрибеген кардын шарт­туу төмөнкү чеги. Андан жогору жааган кар эригенге ж-а бууланганга караганда көбүрөөк топтолот. Кар чеги Антарктидада деңиз деңгээлине чейин ылдыйлап, Тибет тайпак тоосунда 7 миң мге чейин көтөрүлөт. Кыргызстандын тоолорунда кар чегинин бийиктиги 3000–3500 мден өтөт.