КАРТЕР
КА́РТЕР (англ. catter)– машина же механизмдин (кыймылдаткыч, редуктор, насос ж. б.) кыймылсыз бөлүгү. Ал негизинен куту түрүндө жасалып, жумушчу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат ж-а машинаны же механизмди булгануудан сактайт. Мисалы, поршендүү кыймылдаткычтын картери муунактуу вал, цилиндр ж. б. тетиктердин таянычы болуп эсептелет. Картердин төмөнкү бөлүгү майлоочу майдын чогулткучу катары пайдаланылат. Картер чоюндан, ысытылып иштетилген болоттон, жеңил металлдан жасалат.