КАРТЕР
КА́РТЕР (англ. catter)– машина же механизмдин (кыймылдаткыч, редуктор, насос ж. б.) кыймылсыз бөлүгү. Ал негизинен куту түрүндө жасалып, жумушчу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат ж-а машинаны же механизмди булгануудан сактайт. Мис., поршендүү кыймылдаткычтын К-и муунактуу вал, цилиндр ж. б. тетиктердин таянычы болуп эсептелет. К-дин төмөнкү бөлүгү майлоочу майдын чогулткучу катары пайдаланылат. К. чоюндан, ысытылып иштетилген болоттон, жеңил металлдан жасалат.