КАРТАХЕНА
КАРТАХЕ́НА , К а р т а х е н а - д е - И н д и а с – Колумбиядагы шаар. Боливар департаментинин административдик борбору. Кариб деңизинин жээгинде, Магдалена дарыясындагы деңиз порту (жылына 7 млн т жүк ташылат). Калкы 885,7 миң (2008). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, цемент, химия өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар 1533-жылы негизделген. Кул соодалоонун борбору болгон. Картахенанын тарыхый борборундагы 3 квартал (ак сөөктөр, соода ж-а элдик) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 16–18-кылымдардын чептери, чиркөөлөрү, монастырлар ж-а соборлор сакталган. Өлкөнүн башкы ишкер, соода (зер буюмдар, асыл таштар) ж-а өнөр жай борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме ремонттоо), жеңил ж-а тамак-аш, нефть

ажыратуу (Кариб деңизинин жээгиндеги ж-а өлкөдөгү эң ири; кубаттуулугу суткасына 75 миң баррель; 2010-жылы кубаттуулугу суткасына 140 миң баррелге жеткирилет) ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер, китепканалар бар. Картахенада ЭКФ (1961-жылдан) өткөрүлүп турат.