КАРТАҢБАЕВ
КАРТАҢБАЕВ Райкан Соодалиевич (2. 3. 1956- ж. т., Чүй обл., Панфилов р-ну, Эркин-Сай айылы) – техника илимд. доктору (2003), ФПИни (1978), Москвадагы автомобиль-жол ин-тунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. ФПИде окутуу-
чу, комсомол к-тинин секретары; Кыргыз автожол констр.-технол. ин-тунда улук окутуучу, доцент, бөлүм башчысы; КМКТАУда кафедра башчысы; «Технопарк» ил.-технол. борборунун дир ек т ору бол у п ишт еге н. 2005-жыл дан КМКТАУда илим ж-а мамл. тил б-ча проректор. Туннель кесилиштери ж-а жол долбоорлоо жаатында адис. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 10 монографиянын автору.
Эмг.: Эсептөө техникасын колдонуу жана космостук сүрөт съёмкаларын пайдалануу менен тоо жолдорун долбоорлоо. Б., 1997; Транспорттук туннелдерди долбоорлоодо математикалык моделдештирүү. Б., 1998; ПЭЭМди пайдалануу менен курулуш механикасынын жалпы курсу. Б., 2003 (авторлош); Автомобиль жолдорун курууда шагыл материалдарын пайдалануунун өзгөчөлүктөрү. Б., 2004 (авторлош).