КАРСТ (кубулуштар)
КАРСТ [Словениядагы Карст (Крас) тоосунун атынан], к а р с т к у б у л у ш т а р ы – жер астындагы же үстүндөгү суулардын тоо тектерине тийгизген таасиринен пайда болуучу кубулуштар. Тоо тектери сууга эзилип, ар кандай боштуктар, үңкүрлөр, чуңкурлар, кудуктар, көңдөйлөр, коңулдар келип чыгат. Гипс, бор, туз, акиташ, доломит тез эрип, орду боштукка айланат. Жер бетинде оюктар, чуңкурчалар, тайыз кудуктар, жер астында үңкүрлөр, боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Булар карст үңкүрлөрү деп аталат. Алардын таасиринен жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Кудуктарга суу толуп, көлчөгө айланат. Ири үңкүрлөр АКШда (Флинт-Риж үңкүрү, уз. 100 км, Кентукки штаты); Крым, Кавказ, Урал, Сибирде кездешет. Кырг-нда Канигут (уз. 3,5 км), Чил-Устун (уз. 3 км), Ферсман атн. (уз. 1,5 км, тереңдиги 240 м) үңкүрлөр бар. К. кубулуштары эл чарбасына зор зыян келтирет. Айдоо аянттары, сугат тармактары бузулат, жемиш бактары, курулуштар талкаланат. Темир ж-а таш жолдору иштен чыгат.
Ад.: Соколов Д. С. Основные условия развития
карста. М., 1962; Гвоздецкий Н. А. Карст. М., 1981.