КАРРУ
КАРРУ́ (англ. Karroo, готтентотчо karusa – кургакчыл, күрсүз жер) – Түштүк Африкада Оранж дарыясынан түштүктү карай жаткан жарым чөлдүү платолор менен тоо аралык ойдуңдардын жалпы аталышы. Субтропиктик климаттык алкакта. Интрузия тектери жиреп чыккан кумдук жана сланец катмарларынан турат. Кап тоолорундагы узатасынан жаткан өрөөндөр К и ч и карру (бийиктиги 300–600 м), Чоң Урчук м-н Кап тоолорунун аралыгындагы ойдуңдар Ч о ң карру (450– 750 м), Чоң Урчук м-н Оранж дарыясынын аралыгындагы платолор Ж о г о р к у карру (1000–1500 м) деп аталат. Бадал жана дан өсүмдүктөрү басымдуу.