КАРООЛ-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРООЛ-ДӨБӨ – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округуна караштуу.
Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 55 км чыгыш тарапта. Кыш­так 1924-жылы негизделген. Калкы 1123 (2007); не­гизинен жашылча, картөшкө өстүрүп, мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.