КАРМЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРМЕ́Н Роман Лазаревич [16 (29). 11. 1906, Одесса – 28. 4. 1978, Москва] – сов. кинорежис­сёр, сценарист, журналист, документ кинонун оператору, СССР эл арт. (1966), Соц. Эмг. Бааты­ры (1976), Азербайжан ССРинин иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1959). Москва мамл. кинематогра­фия ин-тутунун оператор бөлүмүн бүткөн (1932). 1920-ж. «Вечерняя Москва» гезитинде, «30 дней», «Огонёк» журналдарында фотокорреспондент ж-а (документ) кинодо иштеген. 1932–35-ж. «Союз­киножурналды» чыгарууда ыкчам репортаждар­ды, портреттик очерктерди даярдаган ж-а мон­таждаган («Үйдө», «Анна Масонованын отчёту», «Негр Робинсон – Моссоветтин депутаты» ж. б.). 1936-ж. Испанияга (интернационалдык брига­далардын катарында салгылашып, кино да тарт­кан), кийин Кытайга барган. Тарткан материал­дарынын негизинде Испаниядагы окуялар туу­ралуу (20 чыгарылыш, 1936–37), «Кытай кү­рөштө» (3 чыгарылыш, 1938) киножурналдары, о. эле «Испания» (реж. Э. И. Шуб), «Кытайдын өзгөчө району» (реж. М. Я. Слуцкий), экөө тең – 1939, «Кытайда» (1941, реж., оператор ж-а текст­тин автору К.) ж. б. фильмдер жаралган. Слуц­кий м-н бирге көлөмдүү, татаал тех. документ фильмдерди («Седовчулар», 1939; «Жаңы дүй­нөнүн бир күнү», 1940) тартууга ж-а монтаж­доого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронттук кинооператор ка­тары «Москванын жанында немец армиясын талкалоо» (1942), «Берлин» (1945) ж. б. фильм­дер үчүн материал жыйнаган. 1946-ж. Нюрнберг процесси ж-дө «Элдин өкүмү» фильмин тарткан. «Каспий нефтичилери жөнүндө повесть» (1953), «Деңиздибагындыруучулар»(1959)фильмдери Лениндик сыйлыкка арзыган (1960). «Вьетнам» (1955), «Индия таңы» (1956), «Алоолонгон арал» (1961), «Улуу Ата Мекендик» (2 сериялуу, 1965), «Гренада, Гренада, Гренадам менин» (К. Симо­нов м-н бирге, 1968), «Жолдош Берлин» (1969), «Алоолонгон континент» (1972), «Чили: күрөш­түн жана тынчсыздануунун убагы» (1973), «Ка­марадос» (1974), «Корваландын жүрөгү» (1974) ж. б. фильмдери бар. О. эле биринчи сов.-амер. «Улуу Ата Мекендик» документ долбоорду же­тектеген (1979, 20 фильм; К. – «22-июнь 1941» ж-а «Белгисиз солдат» фильмдеринин режиссё- ру). Документ кино ж-дөгү көптөгөн публицис­тикалык ж-а тарыхый-теор. макалалардын ав­тору. 1970-жылдан ВГИКте проф., СССР мамл. сыйл. лауреаты (1942, 1947, 1952, 1975). Эки Ле­нин ордени м-н сыйланган.


Ад.: Р. Кармен в воспоминаниях современников.
М., 1983.