КАРЛУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛУКТАР – байыркы түрк урууларынын бири. «Карлук будун» (карлук эли) же «үч кар­лук» (болот, чигил, таштык) уруу бирикмесин түзүшкөн. Грек окумуштуусу Птолемейдин «Гео­графиясында» карлуктар Алтайды жердеген калк (2-кылым), ал эми 5–6-кылымдардагы маалыматтарда түрк тилдүү теле (телес) урууларынын бири катары эскери­лет. 7-кылымдын орто чендеринде Түрк каганды­гынын жоюлушу м-н карлуктар күчөй баштаган (к. Карлук мамлекети). М. Кашгари карлуктарды огуздар эмес, башка көчмөн түрк урууларынын бири деп эсептеген. 8–10-кылымдарда карлуктарга тухси, чигил, ха­ладжи ж. б. уруулар кирсе, Ал-Марвази (12-кылым) аларга дагы 9 урууну киргизген. Карлуктар мал чарба­чылык, дыйканчылык ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенип, соода жүргүзүшкөн. Карлук мам­лекети ыдырагандан кийин карлуктар башка, түрк тилдүү элдердин этностук курамын түзүп калыш­кан.


Ад.: Грум-Гржимайло Г. Е. Западная Монголия и Урянхайский край. Т. 2. Л., 1926; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1996; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Материалы по исто­рии кыргызов и Кыргызстана, Т. 1. Б., 2000; Хресто­матия по древней и средневековой истории Кыргыз­стана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.