КАРЛУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛУКТАР – байыркы түрк урууларынын бири. «Карлук будун» (карлук эли) же «үч кар­лук» (болот, чигил, таштык) уруу бирикмесин түзүшкөн. Грек окумуштуусу Птолемейдин «Гео­графиясында» К. Алтайды жердеген калк (2-к.), ал эми 5–6-к-дагы маалыматтарда түрк тилдүү теле (телес) урууларынын бири катары эскери­лет. 7-к-дын орто чендеринде Түрк каганды­гынын жоюлушу м-н К-тар күчөй баштаган (к. Карлук мамлекети). М. Кашгари К-ды огуздар эмес, башка көчмөн түрк урууларынын бири деп эсептеген. 8–10-к-да К-га тухси, чигил, ха­ладжи ж. б. уруулар кирсе, Ал-Марвази (12-к.) аларга дагы 9 урууну киргизген. К. мал чарба­чылык, дыйканчылык ж-а кол өнөрчүлүк м-н кесиптенип, соода жүргүзүшкөн. Карлук мам­лекети ыдырагандан кийин К. башка, түрк тилдүү элдердин этностук курамын түзүп калыш­кан.


Ад.: Грум-Гржимайло Г. Е. Западная Монголия и Урянхайский край. Т. 2. Л., 1926; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1996; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Материалы по исто­рии кыргызов и Кыргызстана, Т. 1. Б., 2000; Хресто­матия по древней и средневековой истории Кыргыз­стана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.