КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ – 766-жылы Түргөш каган­дыгынын кыйрашынан улам пайда болгон мамлекеттик бирикме. Жети-Суу, Түндүк Тянь-Шань аймагын­да түзүлүп, 940-жылга чейин жашаган. Карлуктар оболу Батыш Алтай, Кара Иртыш д-нан Бал­хаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, 766-жылы Тараз м-н Суяб шаарларын басып алышкан. На­тыйжада Кашкар, Фергана, Жети-Сууну куча­гына алган мамлекет түзүлгөн. Борбору башын­да Суяб болуп, кийин Иле боюна көчүрүлгөн. Мамлекет башчысы алгач жабгу, 840-жылдан кийин каган деп аталган. 8–10-кылымдарда Балхаш м-н Ысык-Көлдүн, Иле м-н Талас өзөндөрүнүн бойлорун жердешкен. Тибеттиктер м-н союз түзүп, Орто Азиядагы согду ж-а түрк урууларын колдоп, араб баскынчыларына каршы күрө­шүшкөн. 861-жылы Кашкарды каратып алышкан. 904-жылы Карлук мамлекетинин аскери Мавереннахрга жортуул жасап, жеңилип калган. Караханид мамле­кетинин түзүлүшү м-н Карлук мамлекетинин жашоосу ток­тогон.

Ад.: История Ат-Табари. Таш., 1987; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Сыздыков К. М. Кар­лык мамлекетинин тарыхы. А., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.