КАРКЫРА ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА ӨРӨӨНҮ Ысык-Көлдүн чыгышын­да. Түндүгүнөн Кетмен ж-а Кеген тоолору, түш­түгүнөн Тескей Ала-Тоонун тармагы м-н чекте­лет. Аянты 400 км2ге жакын. Узундугу 80 кмдей, туу­расы 35 км (жазы жери). Деңиз деңгээлинен 1800–2750 м бийикте. Рельефи боюнча 5 аймакка бөлү­нөт: 1) Күнгөй Ала-Тоонун жапыздаган чыгыш тарабы; 2) Тескей Ала-Тоонун каптал өрөөндөрү көп түндүк бети; 3) коо-колоттуу, Кетмен тоосу­нун каксоо адырлуу түштүк капталы; 4) Чаар-Ку­дук м-н Кегендин чаптуу, жарым чөлдүү адыр­лары; 5) Каркыра түздүгү – региондун негизин түзөт. Тоолору палеозойдун акиташ тегинен, кумдуктан ж-а граниттен, адырлары палеоген м-н неогендин кызыл чопо ж-а кум шагылдуу борпоң тектеринен, түздүгү аллювий чөкмөлөрү­нөн турат. Генезистик тиби боюнча синклинорий­грабен, структурасы Түндүк Теңир-Тоонун Ысык- Көл зонасы м-н байланыштуу. Климаты кон­тиненттик, жайы жылуу (15–16°С); январдын орточо температурасы –10...–12°С. Жылдык жаан-ча­чыны 300–450 мм. Шамал кышкысын батыш, жайкысын көбүнчө чыгыш тарапка согот. Суу­лары: Каркыра, Кеген ж-а Текес. Өтө шордуу


Күнгөй Ала-Тоосунун тескей бетиндеги карагай токою.

Туз-Көл бар. Өрөөн күрөң ж-а кара топурактуу. Талаа тулаңы, тескей беттеринде шалбаа, кара­гай, адырларда кургак талаа өсүмдүктөрү басым­дуу. Мал чарбасына ыңгайлуу; Кеген, Шакы­ды-Суу кыштактары жайгашкан. Башкы автомобиль жолу Алматы м-н Нарын районун Кеген аркылуу байланыштырат. «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашы өткөн жер катары айтылат.