КАРКЫРА ӨРӨӨНҮ
КАРКЫРА ӨРӨӨНҮ Ысык-Көлдүн чыгышында. Түндүгүнөн Кетмен ж-а Кеген тоолору, түштүгүнөн Тескей Ала-Тоонун тармагы м-н чектелет. Аянты 400 км2ге жакын. Уз. 80 кмдей, туурасы 35 км (жазы жери). Деңиз деңг. 1800– 2750 м бийикте. Рельефи б-ча 5 аймакка бөлүнөт: 1) Күнгөй Ала-Тоонун жапыздаган чыгыш тарабы; 2) Тескей Ала-Тоонун каптал өрөөндөрү көп түн. бети; 3) коо-колоттуу, Кетмен тоосунун каксоо адырлуу түш. капталы; 4) Чаар-Кудук м-н Кегендин чаптуу, жарым чөлдүү адырлары; 5) Каркыра түздүгү – региондун негизин түзөт. Тоолору палеозойдун акиташ тегинен, кумдуктан ж-а граниттен, адырлары палеоген м-н неогендин кызыл чопо ж-а кум шагылдуу борпоң тектеринин, түздүгү аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Генезистик тиби б-ча синклинорийграбен, структурасы Түн. Теңир-Тоонун Ысык- Көл зонасы м-н байланыштуу. Климаты континенттик, жайы жылуу (15–16°С); январдын орт. темп-расы –10...–12°С. Жылдык жаан-чачыны 300–450 мм. Шамал кышкысын батыш, жайкысын көбүнчө чыгыш тарапка согот. Суулары: Каркыра, Кеген ж-а Текес. Өтө шордуу

Туз-Көл бар. Өрөөн күрөң ж-а кара топурактуу. Талаа тулаңы, тескей беттеринде шалбаа, карагай, адырларда кургак талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Мал чарбасына ыңгайлуу; Кеген, Шакыды-Суу кыш. жайгашкан. Башкы автомобиль жолу Алматы м-н Нарын р-нун Кеген аркылуу байланыштырат. «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашы өткөн жер катары айтылат.