КАРКЫРАЛАР
КАРКЫРАЛАР (Gruidae), т у р н а л а р – каркыра сымалдар түркүмүнүн турналар тукуму.

Уз. 79–152 см. Моюну, шыйрагы узун, жүнсүз, куйругу кыска, эркек, ургаачысы бирдей түстө. Манжалары кыска, жаргакча м-н бириккен, арткы бармагы башкаларынан жогору жайгашкан. Учканда мойну м-н буттарын созуп, кунастарга окшоп учат, алардан айырмаланып, даракка конбойт. Канаты түлөгөн мезгилде уча албайт. 5 уруусу, 14 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү ири дарыялардын таштак талааларында жолугат. Шыбак, бетеге, көдөө басымдуулук кылган жерди мекендейт. Жайында шалбаа, чабынды, күздүк буудай эгилген жерде жолугат. Кырг-нда май айында уялап, чанда 3, көбүнчө 2 жумуртка тууйт. Көбүнчө өсүмдүктүн жаш бутагы, жалбырагы, уругу ж-а курт-кумурскалар м-н азыктанат. Саны азайгандыктан, 1975-ж. коргоого алынып, Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.