КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ
КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ – 19-к-дын 2-жарымы – 20-к-дын башындагы Жаркент ж-а Пржевальск (азыркы Ысык-Көл обл.) уезддерине тийиштүү Каркыра жайлоосундагы Каркыра өзөнүнүн боюнда (азыркы Алматы обл. Кеген ооданы) июнь, июль, август айларында өткөрүлчү соода-сатык. Бул жерге орус өкмөтү тарабынан атайын үйлөр тургузулган. Жарманкесин Кытай, Россия ж-а Борб. Азиянын (өзбек, тажик, түркмөн, казак, кыргыз) соодагерлери товарларын, Кеген, Каркыра, Ийри-Суу, Кең-Суу аймактарын жайлаган элдер малын сатып, азыктүлүк, кийим-кечек ж. б. алышкан.