КАР КРИСТАЛЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР КРИСТАЛЛДАРЫ – булуттар м-н туманда пайда болуп, алардан түшкөн муз кристаллда­ры. К. к-нын эки негизги формасы болот: жал­пак ж-а түркүк. Биринчисине – 6 бурчтуу жал­пак пластинкалар ж-а 3, 6, 12 шоолалуу жыл­дыздар, экинчисине – 6 грандуу түркүктөр ж-а ийнелер, о. эле түркүктөр комплекси («кирпи») кирет. Көбүнчө К. к-нын туура эмес формада түшүшү байкалат. Физ. шарттын пайда болу­шуна ж-а өсүшүнө (баарынан мурда абанын темп-расы м-н нымдуулугуна) көз каранды, ошондуктан көлөмү м-н формасы ар түрдүү бо­лот. Темп-ранын өсүшү м-н К. к-нын көлөмү ж-а пластинкалуу форманын бөлүкчөлөрү чо­ңоёт. Көбүнчө жылдыз ж-а кирпи түрүндө учу­райт. Ийне шоолалуу жылдыздардын туура­сы 6–8 мм, пластинка шоолалуу жылдыздар 4– 5 мм, кирпилер 2–3 мм, пластинкалар 1–2 мм; түркүктүн уз. 1–2 мм, ийнелүүлөрдүкү 3–5 мм. Булуттан түшкөн ири К. к. кар бүртүгү деп ата­лат. К. к. суу буусунун сублимациясынын на­тыйжасында муздап калган булуттар м-н ту­мандан же кристаллдык чаңдан пайда болот. Майда булуттуу кристаллдарда жөнөкөй плас­тинкалар ж-а түркүктөр болот. Кристаллдын өлчөмү 0,1–0,2 ммден ашканда формасы та­таалданат. Катуу шамал болгондо К. к. 0,1 мм ж-а андан да майда бөлүнүп кетет. Булуттан муздаган суу тамчыларынын түшүшүнөн кар күкүмү пайда болот.