КАРИМОВ Абдукадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИМОВ Абдукадыр (18. 03. 1955-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Отуз-Адыр айылы) – ин­женер-механик, техника илимд. доктору (2003), проф. (2006), 1978-ж. ФПИни бүтүргөн. Ошол эле жерде инженер, окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1978–93), ЖАМУда доцент, проф., кафедра башчысы, сырттан окуу бөлүмүнүн про­ректору, окуу-методикалык башкармалыгынын директору (1993–2003), ОшТУда проф., монито­ринг жана сапат департаментинин директору, декан (2003–05), 2005-жылдан ЖАМУда ил. иштер б-ча проректор, үзгүлтүксүз билим берүү ин-тунун директору. Машиналардын ж-а меха­низмдердин теориясы б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 1 монография, 12 окуу кура­лынын автору.


Эмг.: Безмуфтовые электромеханические прессы с механизмами переменной структуры. Б., 2001; При­кладная механика (курсовое проектирование). Ош, 2005; Теория механизмов машин (учебное пособие). Ош, 2004; Электромеханика (учебное пособие). Жалал- Абад, 2007.