КАРИАТИДА
КАРИАТИ́ДА (грекче karyatidas – бийкеч) – жасалга айкелинде пилястра же колонна ордуна архитектуралык деталь катары орнотулган аялдын статуясы. Адатта дубалга жабыштырылып

же андан обочо жасалат. Кариатида антика архитектурасында жана XVII–XIX кылымдын европалык зодчийлигинде кеңири тараган.