КАРДИОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИОЛО́ГИЯ (гр. kardia – жүрөк ж-а ...ло­гия) – медицинанын жүрөк-кан тамыр система­сынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын пайда болуу себебин диагноздоо, оорунун өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. Кардиология жөнүндөгү маалыматтар байыркы адабияттардан белгилүү. 17–19-кылымдарда коро­нар кан айлануусу ачылып, жүрөк кемтигинин кээ бир түрү, стенокардия ж. б. оорулар бел­гилүү болгон. Франциялык врач Р. Лаэннек стетоскоп­тун жардамы м-н жүрөктүн согуу добушун угуу ыкмасын киргизип, көпчүлүк жүрөк оорулары­на диагноз коюуну жеңилдеткен (1819). 19–20-кылымдарда физиологиянын өнүгүшү, айрыкча И. М. Се­ченов, И. П. Павлов ж. б-дын эмгектери кардиологиянын андан ары өнүгүшүнө көмөк болгон. Голландиялык илим­поз В. Эйнтковен электрокардиография (1903), орус врачы Н. С. Коротков артерия кан басы­мын аныктоодо добушту угуу методун сунуш кылган. Азыркы кардиология эң татаал диагностикалык ж-а дарылоочу аппараттар м-н жабдылган. Жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоодо рент­геноскопия, рентгенография, ангиокардиогра­фия, электркимография ж. б. методдор колдо­нулат. Техниканын жетишкендиктери ж-а диаг­ностиканын азыркы методдору жүрөккө опера­ция жасоого мүмкүнчүлүк түздү. 1967-жылы амер. врач К. Барнард медицинанын тарыхын­да 1-жолу жүрөктү көчүрүү операциясын жаса­ган. Россияда жүрөк-кан тамырга А. Н. Баку­лев, Б. В. Петровский, А. А. Вишневский ж. б. операция жасашкан. Кыргызстанда биринчи жолу 1958-жылы И. К. Ахунбаев жүрөккө операция жаса­ган. 1977-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кардиология ИИИ ачылган (азыр Улуттук кардиология жана те­рапия борбору).