КАЗАН (чуңкур идиш)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЗАН 1 to КАЗАН (чуңкур идиш)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН – кемегеге, тулгага, очокко асууга ыла­йыкталган чуңкур идиш. Казан колодон, жезден, темирден колго жасалган. Көлөмүнө ылайык жан казан, тай казан, кой казан болуп бөлүнөт.

Казанды кол­донууга ыңгайлуу болсун үчүн үстүң­кү кырынан сыр­тына кулак чыга­рылган. Жан казан эк и к у л а к т у у , башкалары төрт кулактуу. Орто Азия жана Кавказ элдери казанды үй тиричилигинде, ошондой эле кол өнөрчүлүктө да пайдаланышкан. Учурда алюминий, тефлон капталган казандар заводдордо даярдалып, кеңири колдонулат.