КАЗАКСТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКСТАН , К а з а к с т а н Р е п у б л и к а­ с ы – Евразиянын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет.
Борбордук Азиянын түндүк бөлүгүндө; эң батыш чет ­жакасы – Урал дарыясынын оң жээги Европанын че­гинде. Түндүк-батышынан, түндүгүнөн ж-а түндүк-чы­гышынан Россия, чыгышынан Кытай, түш­түгүнөн Кыргызстан, Өзбекстан ж-а Түркмөнстан м-н чектешет; батышынан Каспий деңизи м-н чулганат. Аянты 2724,9 миң км2 (дүйнөдө 9- орунда; кургактыктын 1,8% аянтын ээлейт); аймагы батыштан чыгышка 3000 кмдей, түн­дүктөн түштүккө 1600 кмдей созулат. Калкы 15,7 млн (2008). Борбору – Астана шаары. Акча бирдиги – теңге. Мамлекеттик тили – казак тили; мамлекеттик мекеме­лерде ж-а жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын­да казак тили м-н кошо орус тили да расмий

колдонулат (бийлик ж-а башкаруу органдарын­да иш кагаздары казак тилине толук өткөрү­лүүдө). Административдик жактан 14 облуска ж-а республикага баш ийген 2 шаарга бөлүнөт (к. таблицаны).


(Таблица)

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Казакстан – КМШга (1991-жылдан), БУУга (1992), Ев­ропа коопсуздук ж-а кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Казакстан – унитардык мам­лекет. Казакстандын Конституциясы 1995-жылы 30-август­та референдумда кабыл алынган. Башкаруу фор­масы – президенттик республика. Мамлекет баш­чысы – бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга че­йин – 7) жылдык мөөнөткө шайланган прези­дент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Мажилис ж-а Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилис­те 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жо­горку органы – премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулду­гу м-н президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири пар­тиялары: улуттук-демократиялык партия «Нур Отан», коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык пар­тиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик пар­тиясы.

Табияты. Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүк­төр ж-а сары-аркалар (бийиктиги 500–600 м) ба­сымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жа­кынын, ойдуңдуу түздүктөр (100–250 м) 30%ин, тоолор (1000–4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийик­тик амплитудасы –132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум ж-а шор массивдүү Каспий бою ой­дуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Му

Бетпак-Талаа чополуу чөлү.

гожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак жарым аралы ж-а чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү – Кара-Кум ж-а Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100–150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап ке­тет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүн ээлеген Казак Сары- Аркасында бийиктиги 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Ка­зак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Та­лаа платосуна (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300–350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түштүк-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кы­лат; мында негизинен Алтайдын түштүк бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосу­нун, Түндүк ж-а Батыш Теңир-Тоонун орто бийик ж-а бийик кырка тоолору ички ж-а тоо аралык ойдуңдары м-н кезектешип жатат. Өзгөчө гео­морфологиялык объектилерге Үстүрт платосунун тик ка­шаттары (жарлары) – чинкалар; Алматыдан 200 км түндүк-чыгыштагы Чарын (Шарын) дарыясынын шаң­шаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боро­вой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо ас­калары ж-а көлдөрү ж. б. кирет.
Казакстандын аймагы негизинен Урал-Охота кый­мылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платфор­манын жабындысы м-н капталган. Борбордук Казакстан бүк­төлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түндүк Казакстан (түндүгүндө) ж-а герциндик Жунгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой мас­сивдери – Көкчө-Тоо, Арганат, Түндүк ж-а Түштүк

Көкчө-Тоо дөңсөөсү.

Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгаш­кан. Казакстандын түндүгүнө Түштүк Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түштүк-батышы­на Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагы­нын Түштүк Туран плитасы кирет. Кен байлык­тарга бай: кара ж-а түстүү металлдар, уран, ал­тын, нефть (запасы б-ча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-техникалык, химиялык ж-а индустрия­лык сырьёлор.
Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл ж-а кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан ж-а түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө ж-а чыгы­шында –18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштү­гүндө –3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28–30°Сге чейин. Тоолоруна климат­тын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Казакстан жаан­-чачынга жалпысынан жарды, аймак боюнча бир­дей жаабайт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, токой­луу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 300–400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл ж-а чөл зонала­рындагы түздүктөрдө 100–200 мм, түштүктөгү ж-а түштүк-чыгыштагы тоолордо 500–1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге чейин. Казакстанда жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосун­да, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жай­гашкан.
Казакстан дүйнөдө суу м-н аз камсыз болгон регионго кирет. Казакстандын аймагында 39 миңдей дарыя ж-а сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 км­ден ашат. Ири дарыялары (Казакстандын чегиндеги узун­дугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түндүк ж-а түндүк-чыгыш бөлүктө­рүндөгү дарыялар (Иртыш ж-а анын куймалары – Ишим, Тобол) Түндүк Муз океандын, көп дарыя­лары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. Казакстандын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү – аян­ты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көл­дөрү: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Балкаш, Тен­гиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл, чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн – Каспий ж-а Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да Казакстанга таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден көп 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр- Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чар­дарыя (Шардара), Тобол дарыясындагы Жогорку То­бол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим дарыясындагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары ки­рет. Агын суулардын жалпы жылдык орточо ре­сурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана Казакстандын ай­магында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн – Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан, Россиянын аймак­тарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени ж-а участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түштүк, 20%и батыш аймакта­рында.
Казакстан аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик ж-а узун­дук боюнча зор аралыкка созулушу, тоо ж-а түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык ж-а биологиялык ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүк­төрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токой­луу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын карал­жын каштан, кургак талаанын кадимки каш­тан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары м-н алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аян­тынын 1/2 ин коңур чөл-талаа ж-а ачык-коңур чөл топурактары ээлеп, кумдуу ж-а такыр сы­мал топурактардын зор массивдери м-н кезек­тешип жатат. Батыш ж-а Түндүк Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө ж-а этек тоолордо боз ж-а ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түндүк Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатай­дын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мү­нөздүү тоонун каштан ж-а тоонун кара топурак­тары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз ж-а токойдун каралжын топурактары м-н алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа то­пурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мис., кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү тө­мөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950–80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чи­риндиси азайып арыктап кеткен.
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасын­да ж-а талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу ж-а бууда­йыктуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу то-

Өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү ак кылкандуу талаа.

кой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөл­дөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу ж-а шагылдуу чөлдөрдө ксеро­фиттик бадалдар ж-а бадалчалар, анын ичинде гало­фиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, со­лерос, ак ж-а кара шыбак, түлкү машак, жан­так, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум су­луусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөл­дөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө ж-а этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар – ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала- Тоосунун түндүк капталдарында жапайы ж-а экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай ж-а Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорун­дагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк кара­гай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого кара­гай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп ж-а альп шалбаасы баалуу жайыт болуп са­налат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кыр­ларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кез­дешет.
Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу–Жабаглы, Алма­ты, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, Кара- Тоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бура­бай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геологиялык, ботаникалык, зоологиялык, көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эсте­лиги, 5 ботаникалык бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого

Иле Ала-Тоосундагы тоо токою.

алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын ж-а өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Бул сейрек ж-а эндемик куштардын популяция­сын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүк-чыгыш ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын ж-а Иргиз-Торгой көлдөр система­сы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.

Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгүн (53,4%) казактар түзөт (1999-жылкы эл каттоо б-ча). Орус (30%), украин (3,7), немис (2,4) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк ж-а чыгыш бөлүктө­рүндө жашайт. Калгандарын татар (1,7%), уй­гур (1,4), беларус (0,7), корей (0,7), азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт. Калкынын жыл­дык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-жылы 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-жылы 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүм­-житим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын

Астана ш. Ишим дарыясынын сол жээги.

26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектерди­ки 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүк ж-а чыгыш облустарында жыш, батыш ж-а түштүк-батыш облустарында салыштырма­луу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен – мусулман-сунниттер. Шаар калкы 57,1% (2006). Ири шаарлары: Алматы ( калкы 1247,9 миң), Астана (550,4 миң), Чымкент (526,1 миң), Караганды (446,1 миң), Тараз (336,1 миң), Павлодар (295,7 миң), Усть-Каменогорск (288,5 миң), Семипалатинск (Семей; 277,3 миң), Ак- Төбө (258,0 миң), Костанай (207,8), Уральск (202,0 миң).

Тарыхы. Археологиялык изилдөөлөр Казакстандын аймагын­да евразиялык микроиндустриялык Ашель (бол­жол м-н 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түштүк-батыш бетинин тоо этеги м-н Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок- Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустье доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Ку­дайкөл, Ч. Валиханов атындагы, Шульбинка эсте­ликтери таандык. Мезолит доору Казакстандын түндүк ж-а түндүк-чыгыш аймактарында (чакан топтор­дун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит Казакстандын түндүк ж-а түндүк-баты­шында кельтеминар маданиятынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы – 5-миң жылдык) варианты м-н көрсөтүлгөн. Волга-урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз маданияттарына таандык эстелик­тер Казакстандын батыш, түн.-батыш ж-а түндүгүнөн, Усть-нарымск мад-тына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыш-на жа­кын жердеги мүрзөлөр) Казакстандын чыгышынан та­былган.
Алгачкы металл доорунун башталышында (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жыл-

Жети-Суудагы соңку коло дооруна таандык коло буюмдар.

дык) Казакстан аймагынын көбүндө терсек, ботай, Ир­тыш боюнда шидерты ж-а усть-нарым тибинде­ги, Волга-Урал аралыгында каспий бою ж-а хвалын-ортотог ж. б. маданияттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык ж-а металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный ж-а афанасьев маданияттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жыл­дыктын башы) андрон маданияты ж-а аны алмаш­тырган валик карапа маданияты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин маданияты, кийин армен маданияты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетин­де петроглифтер пайда боло баштаган. Алгач­кы темир доору (б. з. ч. 8–7-кылымдарда) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археологиялык маданияттарынын эстеликтери м-н көрсөтүлгөн. Бул маданияттарга Бес­шатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. Казакстандын түндүк аймагында б. з. ч. 1-миң жылдык­тын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-кара­тоо м-н куаунчин маданияттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында бол­гон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтер­дин көбү усундар м-н байланышкан. Казакстандын ба­тыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка ж-а Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археологиялык маданиятына, Тобол ж-а Ишим дарыяларынын аралыгындагы­лар саргат маданиятына таандык (4-кылымга чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндар­дын таасиринен алгачкы темир доорунун маданият­тарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. Казакстан ай­мактарындагы маданияттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7–4-кылымдарда Казакстандын аймагын уруу союздары мекен­деген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4– 2-кылымдарда Казакстанда усундардын (Жети-Сууда), каңлы­лардын (Кара-Тоо ж-а Сыр-Дарыя району), алан­дардын (Арал ж-а Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чар­басы ж-а дыйканчылык м-н кесиптенген. 6-кылымдын 2-жарымында Казакстандын аймагы Түрк каган­дыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) ку­рамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар,

анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жыл­дыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты м-н кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табыл­ган (6-кылым). 6–8-кылымдарда соода өнүгүп, жаңы мамлекеттик бирикмелер пайда болгон. Казакстандын түндүк ж-а борбордук аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сай­рам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11–12-кылымдарда негизинен Казакстандын түндүк ай­мактарында чоң ж-а кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. Казакстанда 8-кылымдын башында Түргөш ка­гандыгы, 8-кылымдын 2-жарымында Карлук каган­дыгы өкүм сүргөн (766-жыл). 8–10-кылымдарда Казакстандын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ис­лам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9–11-кылымдарда Казакстандын батыш ж-а түштүк-батыш аймагы Огуздар мамле­кетине кирген; түндүк-чыгыш ж-а борбордук бөлүктөрүн кимактар м-н кыпчактар мекендеген. Ошол кез­де Казакстандын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-кылымдын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамле­кетин түзүшкөн. 10-кылымдын аягында – 11-кылымдын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-кылымдын 2- жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Ма­вераннахрды басып алышкан. 1130-жылы Жети- Сууну басып алган кара кытайлар Караханид­дер мамлекетин кулатып, Борбордук Азияда өз мам­лекетин түзгөн. 12-кылымдын ортосунда Кара кы­тай мамлекетинин начарлашынан улам, ан­дан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219–21-жылы Казакстан ай­магына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаар­лар талкаланган. Моңголдордун тушунда Казакстандын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14- кылымдын аягы – 15-кылымдын башында Ногой Ордо ж-а Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) ж-а Волга дарыяларынын ара­лыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал де­ңизинен батышты көздөй Урал дарыясына, түштүгү Тобол дарыясына, чыгышы Иртыш дарыясына чейинки ай­мактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өз­бек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булак­тарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатак­тын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хан­дыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-кылымдын 2-жарымы – 16-кылымдын башын­да Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кылым­дын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамын­дагы казак уруулары Казак хандыгына кошул­ган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп (к. Жүз), казак элинин калып­тануу процесси аяктаган. 19-кылымдын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөр­дүн аймактарында өз алдынча хандыктар пай­да болгон. 18-кылымдын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз ча­буулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын кура­мына кирүүнү көздөшкөн. 1731-жылы Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси м-н), 1740-жылы Орто жүз (Абылай хандын күчү м-н) Россиянын курамы­на кошулган. 18-кылымдын аягында Казакстандын түштүк аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18- кылымдын 2-жарымынан Казакстандын Россия м-н экономикалык ж-а саясий мамилелери бекемделген. 1820-жыл­дардын аягында Бөкөй хан ж-а Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-жылы жаңы башкаруу сис­темасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» боюнча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгызхан туку­му) башкарган. Аларга орус армиясынын офи­цер наамдары ыйгарылган. 1824-жылы Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Рос­сиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-кылымдын 1-жарымында Россия империясына, ошондой эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) Казакстан аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840- жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19- кылымдын ортосунда Урал ж-а Волга дарыяларынын аралы­гындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876- жылга чейин). 19-кылымдын 2-жарымында Россия­нын курамындагы казак жерлерине кокондук­тар м-н хивалыктар кол салып турган. Алар­дан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз ж-а Тор­гой дарыяларынын жээктерин чыңдашкан. 1853-жылы орус­тар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орус­тар аскерин Казакстандын түштүк аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-жылы Иле дарыясына че­йинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империя­сынын курамына кирген. 1854-жылы Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары м-н казактар көчүп келе баш­таган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таа­сирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракет­тенген. 1860-жылы Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу м-н Жети- Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт административдик башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-жылы Жети-Суу ж-а Сыр- Дарыя облустары түзүлүп, Түркстан генерал-губерна­торлугуна караган. 1868-жылы Урал ж-а Торгой облустары Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоло м-н Семипалатинск облустары Батыш-Сибирь генерал­губернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100– 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекет­тештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар боюнча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негиз­делген. 19-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын чарбасы­на орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семипала­тинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транс­сибирь магистралы ж-а Оренбург-Ташкент темир жолу (1901–05) курулган. 20-кылымдын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа боюнча орус дый­кандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натый­жада Акмоло, Торгой, Урал ж-а Семипалатинск облустарына 1906–12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык ж-а колония­лык эзүү казак элинин нааразылыгын туудур­ган. 18–19-кылымдарда С. Датовдун, И. Таймановдун ж-а М. Өтөмисевдин жетекчилиги м-н козголоң­дор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экономикалык абалынын на­чарлашы ж-а казактардын тылдагы жумуштар­га алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айлан­ган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль революциясынан (1917) ки­йин Казакстанда кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Таш­кенттеги Түркстан комитети, облустук, уезддик комитеттер, шаарларда ж-а болуштуктарда комиссариаттар) ж-а Советтер (эсерлер, меньшевиктер, больше­виктер)] өкүм сүргөн. 1917-жылы июнда А. Бөкей­ханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүл­гөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү макса­тында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жаран­дык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. Казакстандын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. Казакстанда Совет бийлиги 1917-жылы ноябрь – 1918-жылы март аралыгында орногон. Бирок 1918-жылы жа­йында түндүк-чыгышы ж-а батышы ак гвардия­чылардын колунда калган. Ал аймактар 1919- жылдын 2-жарымында – 1920-жылдын башын­да М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, Казакстандын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК ж-а ЭКСтин 1920-жылдын 26-августтагы дек­рети боюнча РСФСРдин карамагына кирген Кыр­гыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыр­гыз АССРинин курамына Акмоло, Семипала­тинск, Урал, Торгой облустары, ошондой эле Закаспий обл­усунун бир бөлүгү ж-а Астрахань губерниясы кир­ген. 1921–22-жылдарда жүргүзүлгөн жер-суу рефор­масынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жергиликтүү элге кай­тарылган. 1924–25-жылдарда Орто Азияда улуттук-мамлекеттик бөлүнүү башталып, Жети-Суу ж-а Сыр-Дарыя облусунун түндүк аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-жылы апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлгөн. 1926–29-жылдарда казак айыл­дарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-жылы Казакстан борбору Алма-Ата шаары болуп калган. 1936-жылы Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941- жылдары индустриялаштыруу мезгилинде Казакстанда 200дөй ири өнөр жай ишканалары (анын ичинде Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү заводу, Караганды көмүр базасы, Түрксиб темир жолу ж. б.) курулган. 1937-жылы коллективдештирүү саясаты­нын жүргүзүлүшү м-н дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок айыл чарбасындагы социалисттик өзгөрүүлөр дыйкандар м-н малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачка­чылык башталып, казактардын көбү Кыргызстанга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931–33-жылдарда Казакстандын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920–30-жылдары Казакстанда илим тез өнүгүп, жогор­ку окуу жайлар, илимий мекемелер ачылган. 1932-жылы СССР ИАнын Казакстандагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-жылы СССР ИАнын филиалына айланып, Казакстандан көрүнүктүү окумуштуулар чыга башта­ган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауран­баев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-жылы Казак ССР ИА (туңгуч президенти – К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Казакстан өл­көнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. Казакстан коло, мо­либден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. продукцияларды берүү боюнча союздук респ­лардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка Казакстандан 100 миң адам жөнөп, анын ичинде 512 жоокер Советтер Союзунун Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Согуш жылдарында Казакстанга Волга боюндагы немистер, крым татарла­ры, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмак­тар, чечендер (1937–38-жылдарда корейлер, ирандык­тар, курддар) депортацияланган. 1957-жылы чечен, ингуш, балкар, карачай ж-а калмактар реа­билитацияланып, кайра өз мекендерине кай­тууга уруксат берилген. Казакстандын аймагы (Семи­палатинск ядролук полигону) ядролук сыноо­лорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуш­тан кийин Борбордук Казакстанда Байкоңур космодрому ку­рулган. 1954-жылы СССР жетекчилигинин дың жер­лерди өздөштүрүү жөнүндө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-жылы Түндүк Казакстандагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иш­тетүү абдан начар абалга келген. 1960–62-, 1964–86-ж. Казакстан КП БКны Д. А. Кунаев жетекте­ген. 1980-жылдары советтик коомдун терс жактары – бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин наа­разычылыгына алып келген, ошондой эле казактар­дын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улут­тар аралык мамилени начарлаткан. 1986-жылы кайра куруу саясатынын башталышында улут­тар ортосунда тирешүүлөр күч алган. Казакстандын жергиликтүү калкынын кызыкчылыктарын эске ал­бай, Д. А. Кунаевди



Чарбасы. Казакстан – өтмө экономикалык деңгээлдеги өлкөлөр­дүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура ке­лет. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү – отун-энергетикалык ж-а минералдык сырьё ресурстары, ири өнөр жай потенциалы ж-а агрардык өндүрүшү. Нефть казып алуудан ж-а аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин не­гизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2%, өнөр жайыныкы 31,4%, ку­рулуштуку 7,7%, айыл, токой ж-а балык чар­баларыныкы 6,7%. Мамлекеттик сектордогу ишкана­лардын ИДПдеги үлүшү 20%. Өнөр жайынын башкы тармагы – тоо-кен казып алуу (2006-жылы өнөр жай продукциясынын жалпы наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/10 унан ашыгы нефть, газ конденсаты). Өнөр жай про­дукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу өнөр жайына, 3%и электр-энергетика, суу ж-а жылуу­лук м-н камсыз кылууга туура келет. Иштеп чыгаруу өнөр жайынын эң маанилүү тармактары: кара ж-а түстүү металлургия (продукциянын наркы­нын 39,6%и; 2006), тамак-аш өнөр жайы (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктула­ры, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52%ти көмүр (таш ж-а күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-жылы 64,8 млн т нефть ж-а газ конденсаты өндүрүлгөн. Нефть негизинен республиканын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш Казакстан, Ак- Төбө облустары), ошондой эле түштүктө – Кызыл-Ордо обл­усунан казылып алынат. Казылып алынган нефти­нин 90%ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/4 ү нефть куурлары аркылуу та­шылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (узундугу 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть куур­ларына туура келет. Ата-Суу (Караганды облусу) – Алашанькоу (Кытай) нефть куурунун экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо де­ңиз порттору ж-а Курык бухтасындагы (Маң­гыстоо облусу) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть ошондой эле темир жол транспорту аркылуу да (не­гизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен – Европа өлкөлөрү алат. 2006-жылы 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ыл­гоочу заводу (Атрау, Павлодар, Чымкент шаарларында) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат.

Өлкө 2006-жылы 27 млрд м3 газ өндүргөн. Казакстан табигый газ боюнча нетто-импортер, ал газга болгон муктаж­дыгынын ¼ бөлүгүн Россия, Өзбекстан ж-а Түрк­мөнстандан алат. Газдын ½и Батыш Казакстан­дан казылып алынат; табигый ж-а нефть м-н кошо алынган күйүүчү газ ошондой эле Атырау, Маң­гыстоо, Ак-Төбө облустарынан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 завод иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Тен­гиз, Жаңы-Жол, Карачаганак шаарларында жайгаш­кан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 бол­гон магистралдык газ куурлар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сы­йымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия – Бор­бор ж-а Бухара – Урал) өтөт. 2007-жылы Россия­нын, Казакстандын ж-а Түркмөнстандын өкмөттөрү

Карачаганак газ комбинаты.

тарабынан түзүлгөн келишим боюнча Түркмөнстан­дын газы Казакстандын аймагы аркылуу Россияга ж-а Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-жылы 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23–24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караган­ды облустарында), Каражыра (Чыгыш Казакстан облусунда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар облусунда­гы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/3 си Пав­лодар, 1/3 и Караганды облустарына туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж 71,7 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1

Ред. Текст жок

(был (


Темир-Тоодогу металлургия комбинаты

жалда байытылат), хром (3,6 млн т; Ак-Төбө облусу), марганец (2,2 млн т; Караганды облусу) кенташтары казылып алынат. 2005-жылы 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия – өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-жылы 34 млн т жез кенташы казылып алынган, 418 миң т чак­макталган жез өндүрүлгөн. 2005-жылы 6,6 млн т коргошун-цинк кенташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндү­рүлгөн. Коргошун ж-а цинк кендеринен ошондой эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, анын ичинде алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-жылы 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (неги­зинен полиметалл ж-а жез кенташтарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т бок­сит казылып алынган (2005); Павлодар алюми­ний заводунда глинозём өндүрүлөт. Казакстанда титан рудасынын запасы мол (2006-жылы 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу боюнча (2007-жылы 6637 т ) Казакстан Канада ж-а Авст­ралиядан кийинки 3-орунда.
Машина куруу өнөр жайы ички рынокко ылайык­ташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар м-н шериктеш иштейт. Машина куруунун баш­кы тармактарынын бири – нефть-газ өнөр жайы үчүн жабдууларды ж-а куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» заводу (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипала­тинск автомобиль жыйноочу заводу кореялык «Daewoo» ж-а россиялык «ПАЗ» автобустарын чыгарат. Астана ж-а Алматы шаарларында вагон ремонт­тоочу ж-а жыйноочу заводдору иштейт; локомо­тив куруучу завод курулууда (2008). «Беларусь» тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч ж-а айыл чарба машиналарын чыга­руучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чо­гултуучу заводдор (Костанай) иштейт. Электр-техникалык ж-а электрондук ө. ж. телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу з-ддору – рентген­аппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү при­борлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техника­лары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло обл.) даярдайт. Химия ө. ж-нан Та­раз ш-ндагы ири «Казфосфат» з-ду Кара-Тоо, Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фос­фор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил ө. ж. продукциясы 1991–2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыга­руу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыш­тырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түш. Казакстан обл-нда пахта тазалоочу з-ддор иш­тейт. Ийрилген жип ж-а кездеме чыгаруучу баш­кы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишкана­сы – Усть-Каменогорск текстиль ф-касы), «Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты).
Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный ш-нда тери ж-а жүн иштетилет. Кийим тигүүчү ж-а булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.
А. ч. өндүрүшү К-дын азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 80%ин камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын 11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон), чөп чабындыс ы 5 млн га , таб и гый тою т өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын үлүшүнө а. ч-нда пайдаланылган жердин 1/ инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/ и туу­ра келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбала­рындагы жердин аянты салыштырмалуу турук­туу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агр. продукциянын 1/ и жеке менчик көмөкчү чар­баларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн баш­кы тармагы – дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган,

Түндүк Казакстан облусунда эгин жыйноо.

аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кгдан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түн. бөлүгүндө (Акмоло, Коста­най, Түн. К. обл-нда). Негизги дан эгини – жаз­дык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түш. бөлүгүндө күздүк буудай ж-а жүгөрү, чыгышын­да сулу, кара буудай, түндүгүндө ж-а чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы обл-нда күрүч эгилет. К. дан экспорттоо б-ча дүй­нөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/ и (дан ж-а анын продук­циялары) чет өлкөлөргө (1/ и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Тех. өсүм­дүктөрдөн пахта (Түш. К. обл-нда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл обл-нда; 400 миң т), күн карама (Чы­гыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), о. эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мө­мө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (не­гизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү – экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң ж-а чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тей­лөө (билим берүү ж-а саламаттыкты сактоо ко­шо), мамл. башкаруу, кыймылсыз мүлккө бай­ланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система ж-а камсыздан­дыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструкту­ра, телекоммуникация ж-а байланыш чөйрөлөрү өнүгүүдө.
Т. ж-нун жалпы уз. 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги т. ж-дору: Орен­бург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик ба­гытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Че­лябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түш. Сибирь (Карталы – Астана – Кулунду – Барнаул), Түш. К. (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашань­коу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү ж-а Түркия м-н (Каспийде паром аркылуу) бай­ланыштырган Трансказакстан т. ж. магистра­лы курулууда (2008). Автомобиль жолунун уз. 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Куур транспорту­нун мааниси өсүүдө. Магистралдык куурлардын жалпы уз. 23,1 миң км (2006); а. и. газ кууру­нуку 11,0 миң км, нефть куурунуку 10,3 миң км, продукт куурунуку 1,1 миң км, газ конден­сатын ташуучу куурунуку 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан),


Казакстан акчасы.

Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Камено­горск, Павлодар, Семипалатинск. К-да жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропортто­ру Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө ш-нда жай­гашкан. Байкоңур ш-на жакын самолёттун бар­дык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилей­ный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космод­ромун тейлейт).
Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд дол­лар (2006), а. и. экспорту 38,8 млрд доллар, им­порту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокаты­на, жезге, темир куймаларына ж-а дан эгинине (60%инефтиге)тууракелет.К.товарларын(экс­порт наркы % м-н) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5), Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маа­нилүү импорттук товарлары: машина куруу ө. ж­нын продукциялары (машина ж-а жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), бо­лот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. К. бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.

Маданияты

Казакстандын б и л и м б е р ү ү мекеме­лерине Илим жана билим берүү министрлиги же­текчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейин­ки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесип­тик), ортодон кийинки, жогорку, жогорку окуу жайлардан ки­йинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке че­йинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-бор­борлор жана башкалар) 1ден 5 жашка чейинки балдар тар­бияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаш­тан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5–10-класс), толук орто (10–12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү – 2–3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билим­ге ээ боло алат, окуу мөөнөтү – 1–2 жыл. Казакстанда 176 жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консер­ватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендия­ров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль- Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Кур­мангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) жана башкалар. Башкы илимий борбору – Казакстан улут­тук илимдер академиясы (1946). 40тан ашуун илимий-изилдөө институттарын камтыйт. Ил. изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) жана башкалар жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иш­тейт.
Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук массалык-маалымат каражаттары иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттер­ге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неде­ля» жана башкалар, көп тираждуу журналдарга «Конти­нент», «Мир Евразии» жана башкалар кирет. Массалык-маалымат каражаттарынын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923-жылдан иштейт. XXI кылымдын башында борбордук жана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курул­ган. 2006-жылы 18 телекөрсөтүү станциясы иште­ген. Негизги телерадио компаниясы – «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Рахат ТВ», «Казахстан» жана башкалар. Мамлекеттик маалымат агенттиги – Казак маа­лымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-жылы негиз­делген).

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети. Алматы.

Казакстандын а д а б и я т ы казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзия­лык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгар­масы Кадырали-бий Жалаирдин казак ханда­рынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаама­лар жыйнагы» (XVII кылымдын башы). Азыркы ка­зак адабияты XIX кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-жылы казак тилинде алгачкы гезит, 1911-жылы «Айкап» журналы жа­рык көргөн. 1912-жылы Семипалатинскиде алгач­кы басмакана пайда болуп, казак тилинде ки­тептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. XX кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жума­баев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев жана башкалар. 1920–1930-жылдары драматургия, проза­лык жанрлар – повесттер, романдар жана башкалар өнүккөн. 1950–1960-жылдарда Улуу Ата Мекен­дик согуш, XX кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн та­рыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мус­репов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеи­сов, «Кан жана тер», 1961–1970) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чы­гармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпо­пеясы, 1–4-бөлүк, 1942–1956, повесттери). С. Му­канов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Ша­ханов, К. Мухамеджанов жана башка акын-жазуучу­лар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым ко­шушту.
Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петрог­лифтер, карапа, коло жасалгалары жана башка нео­лит жана коло дооруна таандык. Каргалы кени­нен (биздин заманга чейинки II–биздин замандын II кылымы) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыкта­рынын тушунда (VIII–X кылымдар) Казакстан аймагында Исфи­жаб (XI кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаарлары өнүгүп,

Түркстан шаарындагы Х. А. Ясави мавзолей комп­лекси (XIV кылым) чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ис­лам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, X–XI кылымдар, Айшабүбү, XI–XII кылымдар, Байтак, XIII кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. XIII кылымдын 2-жарымынан жа­ңы шаарлар (1370-жылы Ак Ордонун борбору – Сыг­нак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономика­сы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик куру­луштар (азыр Карагандыдагы Алаша хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган. XIV кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комп­лекси салынган.

Алматы. Мунаралуу чоң мечит.

1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы жана башка шаарлар) пайда бол­гон. 1990-жылдары Казакстанда учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору – Астана (япон архитектору К. Ку­рокаванын генералдык планы боюнча), жаңы мо­нументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, архитектор Ш. Валиханов), Астанадагы «Аста­на–Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. На­зарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, айкелчи С. Нарынов)] пайда болду. XIX кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин. Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Вали­хановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доо­рунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (Х. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов жана башкалар), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев жана башкалар), айкел (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, Х. Наурзбаев жана башкалар) ийгиликтүү өнүккөн.
Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин жана башка элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө ка­дыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик ас­паптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, до­булбас, XIX кылымдын аягынан сурнай таркаган. Ка­зак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Му­хит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курманга­зы Сагырбаев, Дина Нурпеисова жана башкалар чоң са­лым кошкон. XX кылымдын 20-жылдарында казак­тын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолу­на түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жо­лунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйба­ларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-жылы Казак эл ас­паптар мамлекеттик оркестри, 1935-жылы Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-жылы Ал­матыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-жылы Казак музыкалык театры (1937-жылдан

Великанов В. В. «Камбар жана Назым» балетинен кө­рүнүш. Абай атындагы Казак опера жана балет театры.

Казакстан опера жана балет театры) негизделген. 1934-жылы казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-жылы «Жал­быр», 1936-жылы «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартуу­ланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Ма­мыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-жылы Казак ССР композиторлор союзу уюшул­ган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Бруси­ловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-жылы Алматыда казак консерваториясы (1963–1972-жылдар Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-жылы Казак ССР Илимдер академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети жана башкалар жазылган. В. А. Ве­ликановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаев­дин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы жана башка белгилүү симфония­лык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркест­ри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүй­мөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Ша­бельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. За­таевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов жана башка композиторлордун тий­гизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн кө­рүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар – Р. жана М. Абдул­линдер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серке­баев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер – К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор – Г. До­гашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар – А. Жубанова, А. Мухамбетова жана башкалар. Казакстан эгемен­дүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ер­жанов жана башкалар ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеи­това атн. Улуттук опера ж-а балет театры түзүл­гөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Рай­баев, Р. Байсеитова жана башкалар чоң салым кошкон. XIX кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Аста­на) т е а т р ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-жылы театр има­раты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгач­кы казак театры 1926-жылы 13-январда М. Ауэзов­дун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961- жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драма театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей жана башка театрлары, облустук борборлордо жана шаарлар­да казак музыкалык-драмалык, куурчак жана башка театрлар бар. 1925-жылы Казакстанда «Казак Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын беш жылды­гы» (оператор Я. М. Толчан) даректүү тасма, 1939-жылы алгачкы көркөм тасма – «Амангел­ди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жам­бул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чо­кон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экс­пресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) жана башкалар. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Берко­вич, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев жана башка режис­сёрлордун эмгеги зор. 1984-жылы «Казакфильм» ки­ностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйга­рылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тарап­туу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова жана башка казак артисттери кыргыз тасмаларын жаратууга ка­тышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чы­гармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шам­шиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» жана башкалар) экрандаштырган.

Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, ак­робаттар болгон. XX кылымдын башында балбан Х. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаев­дин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-жылы Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Со­син жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-жылы Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Караган­дыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. Казакстандын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гим­насттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жу­магалиевдер жана башкалар.


Ад.: Сарынова Л. П. Балетное искусство Казахстана. А.-А., 1976; Кабдиева С. Д. Фольклорные традиции в казахском театре. А.-А., 1986; Шалабаева Б. Зарождение и становление казахского романа. А.-А., 1990 (на казах. яз.); Изобразительное искусство советского Казахстана. А.-А., 1990; Физическая география Казакстана. Алматы, 1998; Республика Казахстан: Энциклопедический справочник. Алматы, 2001; Водные ресурсы Казакстана в новом тыся­челетии. Алматы, 2001; Джумакова У. Новые аспекты изучения казахской музыки ХХ в. в контексте независимости Республики // Духовное развитие общества: музыка и наука. Алматы, 2002; Белый А., Валиханов А. Тематический обзор: наименование климата. Астана, 2005; Ландшафтное и биологическое разнообразие в Республике Казахстан. Алматы, 2005; Назарбаев Н. А. Казахстан на пути ускоренной экономической, социальной и политической модер­низации. Алматы, 2005; Артыкбаев Ж. О. История Казахстана. Костанай, 2006; Национальный атлас Республики Казахстан. Т. 1. Алматы, 2006; Чигар­кин А. В. Геоэкология Казахстана (географические аспекты природополь­зования и охраны при­роды). Алматы, 2006; Досымбаева А. М. Запад­ный тюркский каганат: культурное наследие ка­захских степей. Алматы, 2 0 06 ; На ц ион а льн ы й доклад о состоянии ок­ружающей среды в Рес­публике К а з а к с т ан в 2 0 06 г од у . Алм ат ы , 2007; Досымбаева А. М. Культурный комплекс тюркс ких кочевников Жетысу II в. до н. э. – V в. н. э. Алматы, 2007; Байпаков К. М. Древние г ород а К а з ах с т ан а . Алматы, 2007; Шарипо­ва Г. А. Интертекстуаль­ное пространство лите­ратуры: (диалоги русс­кой литературы XIX – начала XX вв. и казах­ской литературы XX в.). Астана, 2007.