КАРАЙЫМ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЙЫМ ТИЛИкарайымдардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Карайым тили түндүк (тракай), түштүк (галич) жана крым диалектилери­не бөлүнөт. Негизинен карачай-балкар, крым-­татар, кумук, ногой тилдерине жакын. Синтак­сисине славян тилдеринин таасири тийген. Карайым тили 1840-жылдан байыркы еврей, латын, славян графикасын пайдаланган. 19-кылымдын аягынан орус (Россия, Украина), латын (Литва, Польша) графикасындагы алфавитти колдонушат.