КАДЫРОВ Зайдулла

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:30, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРОВ Зайдулла (1886, Россия империясы – өлгөн жылы белгисиз, СССР) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав губерниясындагы (азыркы Украина, Кропивницк облусу) Юзовкада (азыркы Донецк) жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905–1907-жылдарда Баку шаарында революциячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–1917-жылдарда Сүлүктүдө иш таштоо­лорду уюштурган. 1917-жылы Сүлүктүдөгү кенчи­лердин арасында социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен жана Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918–1920-жылдарда мамлекеттештирилген Сүлүктү кен баш­кармасында ж. б. ишканаларда партиялык, советтик же­текчи кызматтарда иштеген.