КАДЫРОВ Зайдулла

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАДЫРОВ 3 to КАДЫРОВ Зайдулла) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРОВ Зайдулла (1886 – өлгөн жылы белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Екатеринослав (азыркы Днепропетровск) губерниясындагы Юзовка де­ген жердеги жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905– 07-жылдарда Баку шаарында революциячыл кыймыл түзүүгө катышкан. 1912–17-жылдарда Сүлүктүдө иш таштоо­лорду уюштурган. 1917-жылы Сүлүктүдөгү кенчи­лердин арасында социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен ж-а Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болуп шайланган. 1918– 20-жылдарда мамлекеттештирилген Сүлүктү кен баш­кармасында ж. б. ишканаларда партиялык, советтик же­текчи кызматтарда иштеген.