КАЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАЙ (лат. Stannum), Sn – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгаш­кан химиялык элемент; атомдук номерни 50; атомдук массасы 118,69. Та­биятта 10 изотоптун аралашмасынан турат. Ли­тосферанын 8.10–3 %ин түзөт. Калай – күмүш сыяк­туу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; эрүү t 231,9°C; кайноо t 2687°С. Химиялык бирикме­леринде II ж-а IV валенттүү. Кадимки шартта калай химиялык таасирлерге туруктуу. Абада жай кычкылданат ж-а ме­таллдын бетинде пайда болгон жука оксид кабыкчасы (SnO2) ан­дан ары кычкылдануудан сак­тайт. Фтор, хлор м-н кошулуп, SnF4, SnCl2 сыяктуу бирикмелер­ди пайда кылат. Күкүрт м-н ысыт­канда сульфиддер SnS, SnS2 алы­нат. Калайдын магний м-н куймасын кислотанын таасири м-н ажыратканда калай гидриди SnH4 - уулуу газ алынат. Азот, аммиак м-н кошулбайт. Көмүртек, кремний м-н реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды берет. Калайдын жез м-н болгон куймасы коло байыртадан бери белгилүү. Суюлтулган кислота ж-а жегичте жай эрийт. Кон­центрацияланган щелочто эриткенде калайлуу (H2SnO2) кислотасынын туздары (станиттер ж-а станаттар) пайда болот. II валенттүү калай туздарынын көпчүлүгү - түссүз, сууда жакшы эриген заттар. Ал негизинен калай кенинен алынат. Мисалы, SnO2ни көмүртек же көмүртек (II) оксиди м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SnO2 + 2C = Sn + 2CO; SnO2 + 2CO = Sn + 2CO2. Алынган калайдын 40%ы тамак-аш өнөр жайында (тамак-ашты ороо үчүн), под­шипниктерди, басмакана куймаларын алуу, буюмдарды каңдоодо, сүрөт өнөр жайында боёк чыгарууда колдонулат. Калайдын алтын ж-а күмүш м-н куймасынан тиш салынат.