КАРБОН КИСЛОТАЛАРЫ
КАРБО́Н КИСЛОТАЛАРЫ – молекуласында
карбоксил – СООН топтору бар бирикмелер.
Молекуладагы карбоксил топторунун санына жараша алар бир, эки, үч ж-а көп негиздүү, ал эми ал топтор м-н байланышып турган радикалдардын түзүлүшүнө жараша ациклдүү, ароматтык, гетероциклдүү, каныккан ж-а каныкпаган болуп бөлүнөт. Алардын аттары тривиалдык, рационалдык ж-а илимий номенклатуралар боюнча аталат. Практикада тривиалдык номенклатура көбүрөөк колдонулат. Мисалы, кумурска, алма, валериан, лимон кислотасы ж. б. Ал эми Женева номенклатурасы боюнча алардын аты углеводороддордун атынан алынып, аягына «кислотасы» деген сөз кошулат. Мисалы, этан, бутан кислотасы ж. б. Рационалдык номенклатура боюнча карбон кислоталарынын аттары уксус кислотасынын метил тобундагы суутек атому алкил радикалдары м-н орун алмашкан бирикмелер сыяктуу каралат. Мисалы, СН3–СН2– СООН – метилуксус кислотасы, СН3–(СН2)2–СООН – этилуксус кислотасы, С6Н5–СН2–СООН – фенилуксус кислотасы ж. б. Карбон кислоталары начар кислоталар. Суудагы эритмеси минералдык кислоталарга салыштырмалуу начар диссоциацияланат. Алар – суюк же катуу заттар. Молекулалык массалары анча чоң эмес ациклдүү карбон кислоталарынын төмөнкү өкүлдөрү сууда жакшы эрийт. Ири молекулалуу өкүлдөрү сууда эрибейт; спирт, эфир, бензолдо жакшы эришет; химиялык жактан активдүү бирикмелер. Негиздер м-н туздарды RCOOH + NaOH – H O+ R–COONa; спирттер 2 м-н татаал эфирлерди, R+COOH + R–OHXR– COOR–+ H2O фосфор галогениди, хлордуу тионил ж-а сульфирил м-н хлорангидриддерди R-COCl, ал эми сууну өзүнө тартып алуучу заттардын таасиринде ангидриддерди (RCO)2O пайда кылат. Карбон кислоталары жаратылышта (айрыкча алифаттык) эркин түрүндө да, бирикмелер түрүндө да көп таралган. Алар өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүнүн, майдын, кандын курамында кездешет. Синтез жолу м-н кислоталардын нитрилдерин гидролиздөөдөн, углеводороддорду, спирттерди, альдегиддерди окистендирүүдөн алынат. Карбон кислоталарынын бирикмелери эл чарбасында чоң мааниге ээ. Мисалы, кумурска ж-а уксус кислоталары кездеме боёодо; уксус кислотасы ж-а ангидриддери ацетилцеллюлоза алууда, ал эми ири молекулалуу карбон кислоталары самын, сыр, лак өндүрүүдө; адипин ж-а терефтал кислоталары синтез буласын алууда колдонулат.
С. А. Адылов.