КАРГАША КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГАША КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынан 60 км чыгыш тарапта, Фер­гана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында. Мындагы көмүр жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1942–55-жылдарда геологиялык чалгындалып, запасы эсептел­ген. Кен Өзгөн көмүр бассейнинин түндүк-батыш тарабынан орун алып, эни 9 км, узундугу 13 км аянт­ты ээлейт. Кен «Сол өйүз», «Оң өйүз» ж-а «Түндүк-чыгыш» деп аталган үч участкадан турат. Ай­магында юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тек катмарлары таралган. Көмүр негизинен кумдук, алевролит, аргиллит ж-а көмүрлүү сла­нецтердин арасында кездешет. Кендеги көмүр катмарынын ичинен V, VI–VII, VIII калың кат­марларга кирет. Көмүр гумустуу, коксталат. Күйгөндө 34,3 МДж/кг жылуулук берет. Запа­сы С2 категориясы боюнча 129193 миң т (1992).