КАРГА АКЕ Мендегул уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГА АКЕ , Карга Мендегул уулу (1718, туул­ган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Даркан айылы) – Ысык- Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору м-н сүйлөшүү үчүн 1824-ж. элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бий­лердин бири. К. а. кара кылды как жарган ка­лыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Кар­гадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Таза­лыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр К. а-ге тиешелүү делет. 1996-ж. ага күмбөз тургузулган.

К. Асанбеков.