КАРБЮРАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБЮРА́ТОР (фр. carburateur) – суюк отун (бензин, керосин ж. б.) ж-а абадан пайда бол­гон күйүүчү аралашманы даярдап, аны ичинен күйүүчү кыймылдаткычка үлүштөп берүүчү жаб­дуу. Карбюратордогу күйүүчү май чачырап, аба м-н ара­лашып, бууланат да, пайда болгон аралашма кый­мылдаткычтын цилиндрлерине бе­рилет.

Анда ара­лашма тез ж-а то­лук күйүп, аба кы­сылганда поршен­дер иштейт. Күйүү­чү аралашманы даярдоо к а р б ю ­р а ц и я деп аталат. Цилиндрлерге келүүчү күйүүчү аралашманын саны дросселдик тоскуч аркылуу жөнгө салынат. Карбюратордун ар кандай иштөө тартибинде күйүүчү аралашманын керектүү са­патын автоматтык жөнгө салгыч-өлчөгүч жаб­дуу камсыз кылат. Бул учурда цилиндрге кир­ген абанын өлчөмү дроссель клапаны аркылуу жөнгө салынып, күйүүчү майдын бүркүү учуру электрондук жабдуу менен аныкталат.