КАРБОН КИСЛОТАЛАРЫ
КАРБО́Н КИСЛОТАЛАРЫ – молекуласында
карбоксил – СООН топтору бар бирикмелер.
Молекуладагы карбоксил топторунун санына жараша алар бир, эки, үч ж-а көп негиздүү, ал эми ал топтор м-н байланышып турган радикалдардын түзүлүшүнө жараша ациклдүү, ароматтык, гетероциклдүү, каныккан ж-а каныкпаган болуп бөлүнөт. Алардын аттары тривиалдык, рационалдык ж-а ил. номенклатуралар б-ча аталат. Практикада тривиалдык номенклатура көбүрөөк колдонулат. Мис., кумурска, алма, валериан, лимон к-тасы ж. б. Ал эми
Женева номенклатурасы б-ча алардын аты углеводороддордун атынан алынып, аягына «кислотасы» деген сөз кошулат. Мис., этан, бутан к-тасы ж. б. Рационалдык номенклатура б-ча карбон к-таларынын аттары уксус к-тасынын
метил тобундагы суутек атому алкил радикалдары м-н орун алмашкан бирикмелер сыяктуу
каралат. Мис., СН3–СН2– СООН – метилуксус
к-тасы, СН3–(СН2)2–СООН – этилуксус к-тасы,
С6Н5–СН2–СООН – фенилуксус к-тасы ж. б. К. к.
начар к-талар. Суудагы эритмеси минералдык
к-таларга салыштырмалуу начар диссоциацияланат. Алар – суюк же катуу заттар. Молекулалык массалары анча чоң эмес ациклдүү К. к-нын төмөнкү өкүлдөрү сууда жакшы эрийт. Ири молекулалуу өкүлдөрү сууда эрибейт; спирт, эфир, бензолдо жакшы эришет; хим. жактан активдүү бирикмелер. Негиздер м-н туздарды
RCOOH + NaOH – H O+ R–COONa; спирттер
2
м-н татаал эфирлерди,
R+COOH + R–OHXR–
–COOR–+ H2O фосфор галогениди, хлордуу тионил ж-а сульфирил м-н хлорангидриддерди
R-COCl, ал эми сууну өзүнө тартып алуучу заттардын таасиринде ангидриддерди (RCO)2O пайда кылат. К. к. жаратылышта (айрыкча алифаттык) эркин түрүндө да, бирикмелер түрүндө да көп таралган. Алар өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүнүн, майдын, кандын курамында кездешет. Синтез жолу м-н кислоталардын нитрилдерин гидролиздөөдөн, углеводороддорду, спирттерди, альдегиддерди окистендирүүдөн алынат. К. к-нын бирикмелери эл чарбасында чоң мааниге ээ. Мис., кумурска ж-а уксус к-талары кездеме боёодо; уксус к-тасы ж-а ангидриддери ацетилцеллюлоза алууда, ал эми ири молекулалуу К. к. самын, сыр, лак өндүрүүдө; адипин ж-а терефтал к-талары синтез буласын алууда колдонулат.
С. А. Адылов.