КАРА-ШАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШАЛТА – Чүй облусунун Сокулук районун­дагы кыштак. Күнтуу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 918 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сокулук кыштагынан 15 км түштүк-чы­гыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 13 км. Калкы 1008 (2004); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.