КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАХАНИ́Д МАМЛЕКЕТИ – 940–1212-жылдарда Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. Караханид мамлекетинин түзүлүшүнө түрк уруулары – чигил (жи­кил), ягма, карлук (к. Карлуктар), аз, тухси чоң роль ойногон. Караханид мамлекетин башкарган династия­нын теги байыркы түрктөрдүн ашина уруусу­нан чыккан Баласагун шаарынын башкаруучусу (9-кылымдын башы) Кара жабгудан тараган деп эсеп­телет. Мамлекеттин аталышын В. В. Григорьев 942–955-жылдарда бийлик кылган Сатук Абд ал-Ке­рим Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу Мусса Байташ ибн Сатуктун тушунда ис­лам мамлекеттик дин деп кабыл алынып, атайын мый­зам м-н бекитилген. 10-кылымдын аягында Караханид мамлекетинин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-

Караханид мамлекети­нин картасы.


ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) Бухараны (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) Мавераннахрды басып алышы м-н (998) Саманиддер мамлекети жашоосун ток­тоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бий­ликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.
Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) ту­шунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Му­хаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн, Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар шаары Караханид мамлекетинин борбору болгон. Караханид мамлекетинин учурунда маданият өнүгүп, М. Кашгари, Ж. Баласагунинин белгилүү эмгек­тери жаралган. Бурана мунарасы, Өзгөн мавзо­лейи курулган. 11-кылымдын 60–70-жылдарында сел­жуктардын кысымынан Караханид мамлекети алсырап, Сан­жар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-кылымдын 30–40-жылда­рында кара кытайлар басып кирип (к. Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы), 1212-жылы Хо­резм шахы Мухаммед Караханид мамлекетин биротоло жойгон.


Ад.: Валитова А. А. К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.