КАРА-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ Батыш Теңир-Тоодо. Бабаш-Ата, Исфан-Жайлоо кырка тоолору м-н Фергана тоо тизмегинин аралыгында жайгаш­кан. Негизинен Базар-Коргон р-нунун, төмөнкү бир аз бөлүгү Ноокен р-нунун аймагында. Жал­пы уз. (Күрөбөстүн башынан Кырг-ндын чек ара­сына чейин) 100 км, жазылыгы 8–12 км. Тама­нынын деңиз деңг. бийикт. 600–1400 м. Ооз та­рабы (түш.-батышы) жайык (70 кмге чейин), улам жогорулаган сайын (түн.-чыгышты карай)

Өрөөндүн төмөн жагы. Алдыңкы планда шалы пал­дары.

кууштап, тектирлүү. Чарбак кыш. тушта эки айрыкка – Кызыл-Үңкүр ж-а Арстанбап өрөөн­дөрүнө бөлүнөт. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү мезо­зой-кайнозойдун ж-а антропогендин конгломе­рат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо тектеринен туруп, байыркы жер көчкүлөрдүн басымдуулук кылган аймагы, жогору жагы юра карбон, девон ж-а бор мезгилдеринин тоо тек­теринен турат. Өрөөн аркылуу Кара-Үңкүр (Тен­тек-Сай) суусу агат. Климаты жер ортолук де­ңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы –3...–17°С, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15– 24°С. Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм, көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. Түзөң бөлүгүндө күңүрт боз, айрым жеринде шалбаа­саз, орто бөлүгүндө кара күрөң, жогору жагын­да тоо-шалбаалуу кара топурак басымдуу.
К.-Ү. ө-нө эфемер-шыбактуу кургак талаа (800– 1300 м бийикте), бийик чөптүү бадалдуу талаа (1300–1800 м), шалбаалуу, жаңгак-жемиштүү то­кой (1800–2600 м), субальп (2600–3200 м), альп шалбаасы (3200–3500 м) мүнөздүү. Дүйнөдөгү жаңгак мөмө-жемиш токоюнун эң зор аянты өрөөндүн ландшафтына ажайып кооздукту бе­рип турат. Рекреациялык мааниси да зор. Пах­та, тамеки, жашылча-жемиш, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жогорку бөлүгү жайытка ж-а чабын­дыга пайдаланылат. Өрөөндүн төмөнкү жазы бөлүгүндө айыл-кыштактар ж-а айдоо аянтта­ры жайгашкан.

Ө. Бараталиев.