КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоо­до. Нарын районунун аймагында. Долон ашуусу­нун чыгышын Оттук суусу кесип өткөн жерден Кара-Үңкүр капчыгайы орун алган. Узундугу 35 км, ортоңку бөлүгү жазы, кууш жери 100–200 м. Эң жазы жеринде Кара-Үңкүр кыштагы жайгашкан. Оттук суусунун өрөөнү деңиз деңгээлинен 2450–3000 м бийиктикте. Капчыгай палеозойдун сланец, акиташ теги, кон­гломерат тектеринен турат, V сымал. Капчыгай аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.