КАРА-ТЫТ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЫТ КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 20 км түндүктө, Ат-Ойнок тоосунун түштүк-батыш тармагында. 1954–55-жылдарда геологиялык картасы түзүлүп, 1982–85-жылдарда чалгындалган. Юра катмарлары брахисинкли­налдык ири бүктөлүүнү түзөт. Көмүр кабаттары юра катмарларынын астыңкы бөлүгүндөгү таш көмүр свитасында жайгашкан. Таш көмүр свитасында көмүрлүү эки комплекс бөлүнгөн. Өнөр жайлык маанидеги «Негизги» кабат жогорку көмүрлүү комплек1 ккаетегориясыс м-н байланышкан. Кабат өтө татаал түзүлүштө. Запасы эсептелүүчү кабаттын калыңдыгы 0,30 мден 15,24 мге чейин, орточо ка­лыңдыгы 4,56 м. Астыңкы көмүрдүү комплекс­те өнөр жайлык мааниге ээ болбогон «Ортоңку» ж-а «Төмөнкү» деп аталган эки кабат бөлүнгөн. Көмүр сапаты боюнча таш көмүрдүн узун жалын­дуу маркасына (Д) таандык. Күлдүүлүгү жого­ру – 40%ке чейин, орточо 20%ти түзөт. Жер үстүнөн ачык жол менен казып алууга жарамдуу запасы 1997-жылга карата В+С категориясы боюнча 28658 т. көмүр казылып алынууда. Жер астынан казып алынуу­чу көмүрдүн запасы С12 категориясы боюнча 17883 миң т.