КАРА-ТЫТ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЫТ КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 20 км түндүктө, Ат-Ойнок тоосунун түш.-батыш тармагында. 1954–55-ж. геол. картасы түзүлүп, 1982–85-ж. чалгындалган. Юра катмарлары брахисинкли­налдык ири бүктөлүүнү түзөт. Көмүр кабаттары юра катмарларынын астыңкы бөлүгүндөгү таш көмүр свитасында жайгашкан. Таш көмүр свитасында көмүрлүү эки комплекс бөлүнгөн. <contr>Өнөр жай<contr>лык маанидеги «Негизги» кабат жогорку көмүрлүү комплекс м-н байланышкан. Кабат өтө татаал түзүлүштө. Запасы эсептелүүчү кабаттын калыңдыгы 0,30 мден 15,24 мге чейин, орт. ка­лыңдыгы 4,56 м. Астыңкы көмүрдүү комплекс­те <contr>өнөр жай<contr>лык мааниге ээ болбогон «Ортоңку» ж-а «Төмөнкү» деп аталган эки кабат бөлүнгөн. Көмүр сапаты б-ча таш көмүрдүн узун жалын­дуу маркасына (Д) таандык. Күлдүүлүгү жого­ру – 40%ке чейин, орт. 20%ти түзөт. Күйүү жы­луулугу 30,зылып алынууда. Жер астынан казып алынуу­чу көмүрдүн запасы С12 категориясы б-ча 17883 миң т.