КАРА ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ТОПУРАК – шалбаалуу ж-а токойлуу та­лаа зоналарында көп жылдык чөптүн чириши­нен пайда болгон топурак түрү. Органикалык заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9–10%ке чейин жетет. Кара топурактын курамында каль­ций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында био­химиялык кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин кислоталары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүү­лүгү артат. Кара топурактуу жерлерге дан эгиндери, жү­гөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өс­түрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Кара топурак гумустуу (чиринди) катмарынын калың­дыгына жараша өтө калың (150–180 см), ка­лың (80–120 см), орточо калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык областка бөлүнөт: Евразия, Түндък Америка ж-а Түштүк Америка. Кыргызстанда кара топурак Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын облусунун На­рын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо райондорунда көбү­рөөк кездешет.