КАРА ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ТОПУРАК – шалбаалуу ж-а токойлуу та­лаа зоналарында көп жылдык чөптүн чириши­нен пайда болгон топурак түрү. Орг. заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9– 10%ке чейин жетет. К. т-тын курамында каль­ций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. К. т-тын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында био­хим. кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин к-талары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүү­лүгү артат. К. т-туу жерлерге дан эгиндери, жү­гөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өс­түрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. К. т. гумустуу (чиринди) катмарынын калың­дыгына жараша өтө калың (150–180 см), ка­лың (80–120 см), орт. калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. К. т. Жер шарында үч суббореалдык обл-ка бөлүнөт: Евразия, Түн. Америка ж-а Түш. Америка. Кырг-нда К. т. Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын обл-нун На­рын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо р-ндорунда көбү­рөөк кездешет.