КАРАТОКО (Чаткал суусунун оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТОКО – Чаткал районунун аймагы аркы­луу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы. Узундугу 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3300 м. Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Кара­токо көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж. б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат.
Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.